Кадырбеков: "Аскерлердин көзү өтүп кетсе, үй-бүлөсүн сыртка чыгарып коёт экен"

Бүгүн, 13-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Нуржигит Кадырбеков аскер кызматкеринин көзү өтүп кетсе, ага мамлекет тарабынан берилүүчү убактылуу жашай турган үйүнөн үй-бүлөсүн чыгарып коюшарын айтып, мындай мамилени сынга алды.

"Кээ бир аскерлерибиз мамлекет тарабынан берилген үйдө жашайт. Бирок кайсы бир убакытка чейин менчиктештирүүгө мүмкүнчүлүгү жок экен. Ошого чейин көзү өтүп кетсе, үй-бүлөсүн сыртка чыгарып коюшат экен. Ушу кантип болсун? Ушуга окшогон маселелерди карабасак, кантип анан армиябызды кубаттандырып, баркын көтөрөбүз?", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан