КМШ башчыларынын кийинки саммити Бишкекте өтөт

Бүгүн, 14-октябрда Астанадагы КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынынын алкагында бир катар документтерге кол коюлду. Ага ылайык, КМШ президенттеринин кийинки саммити Бишкекте өтөт.

Астанадагы саммиттин тар чөйрөдөгү отурумунда мамлекет башчылары күн тартибин жана регламентти бекитти. Ошондой эле КМШ алкагындагы өз ара кызматташуу маселелери боюнча пикир алмашты.

Кыргызстандын сунушу менен кезектеги отурум 2023-жылы 13-октябрда Бишкекте өтө турганы маалым болду.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан