Бекешев: "Мен эч качан элге каршы болбойм"

Бүгүн, 15-октябрда Өзгөндө өтүп жаткан Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы курултайда эл өкүлү Дастан Бекешев келишимди ратификациялоо үчүн парламентке алып келишсе, элге каршы чечим чыгарбай турганын айтты.

"Бул жерге келбей, жакындан билбей туруп жөн эле "кнопканы" басуу туура эмес. Мен ошондуктан элди угайын деп келдим. Жогорку Кеңешке бул макулдашуу келеби же келбейби, азырынча белгисиз. Бирок келсе, мен силерди угуп, чечим чыгарам. Алдын ала айта кетейин, мен эч качан элге каршы болбойм",- деди Бекешев.

Белгилей кетсек, курултай Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылында өтүүдө. Ага Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров, Дастан Бекешев, ошондой эле Азимбек Бекназаров, Исмаил Исаков, Бектур Асанов, Жеңиш Молдокматов баштаган бир катар саясатчылар катышууда. Жергиликтүү жашоочулар Кемпир-Абад Өзбекстанга берилбесин деп талап кылышууда, ага 600дөй адам катышууда.

Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы курултай
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан