Шавкат Мирзийоев иш сапары менен Кыргыз өлкөсүнө келет

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев иш сапары менен Кыргыз өлкөсүнө келет. Бул тууралуу маалымат жыйынында тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев билдирди.

"Президент Садыр Жапаров шайлангандан кийин алгачкы иш сапарларынын бирин Ташкентке жасаган. Шавкат Мирзийоевдин мамлекеттик сапары тууралуу макулдашууга жетишилди. Бир катар эки тараптуу келишимдер, меморандумдар, иш-чаралар планы, инвестициялык долбоорлор даярдалып жатат, биз аларды экинчи тарапка сунуштайбыз. Азыр даярдыктар кызуу жүрүп жатат", - деди Ниязалиев.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын тышкы саясатында Өзбекстан Республикасы менен кызматташууну бекемдөө артыкчылыктуу багыт болуп саналарын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан