Чыңгыз Айдарбеков комитет төрагалыгынан бошотулду

Бүгүн, 20-октябрда Чыңгыз Айдарбеков Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин төрагалыгынан бошотулду.

Аны кызмат ордунан чакыртып алуу боюнча токтом долбоору 43 "макул", 16 "каршы" добуш менен колдоо тапты.

Белгилей кетсек, Чыңгыз Айдарбеков кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбооруна комитеттин төрагасы катары кол коюудан баш тарткан. Жабык жыйында долбоор комитеттен 6 макул, 4 каршы добуш менен колдоо тапканы маалым болгон.

Айдарбеков өзү каршы добуш бергенин билдирген. Мындан кийин ал төрагалык кызматтан кетиши керектиги айтылып жатканын белгилеген. Ошол эле учурда андай сөз ким тарабынан айтылганын ачыктаган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан