Төрага парламенттик фракциялардын жана депутаттык топтордун лидерлери менен жыйын өткөрдү

Бүгүн, 25-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев парламенттик фракциялардын жана депутаттык топтордун лидерлери менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жыйында мыйзам чыгаруу органынын ыйгарым укуктарын ишке ашырууда парламенттик фракциялардын ролу маанилүү экени белгиленип, анын ичинен катчылыктардын ишин илгерилетүү маселеси айтылды.

"Төрага Нурланбек Шакиев депутаттарды комитеттерге бөлүштүрүүдө тармакка тиешелүү тажрыйбасын эске алуу керектигин белгиледи. Ошондой эле фракциялардын жана депутаттык топтордун катчылыктарынын ишин да күчтөндүрүү зарылчылыгына токтолду", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеште “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ишеним”, “Ынтымак”, “Альянс”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Ыйман Нуру” фракциялары жана “Элдик”, “Мекенчил” депутаттык топтору иш алып барат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан