Ражабалиев бажы кызматынын 98 миллиард сом планы реалдуу эмес экенин айтты

Мамлекеттик бажы кызматынын 2022-жылга 98 миллиард сом киреше планы ишке ашпайт. Мындай пикирин 24-октябрда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында эл өкүлү Нурлан Ражабалиев билдирди.

Жыйында 2021-жылга республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчет каралды. Анда эл өкүлү Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиевге кайрылды.

"Бажы тармагында жыл башында 98 миллиард сом план коюлган. "Биз ошол планды аткарып туруп мурдагылар начар иштегенин көрсөтөбүз" деген сөз болду эле. Азыр 98 миллиард сомго жете элекпиз. Демек, мурунку жетекчилер жаман иштебептир да. Негизи бул 98 миллиард сом деген каяктан чыккан?"- деп сурады депутат.

Ага Адылбек Касымалиев 2022-жылдын бюджетин иштеп чыгууга катышпаганын айтып, ал убакта өкмөттө иштебегендигин билдирди. Ошондой эле бюджет парламентте кабыл алынып жаткан маалда салык жана бажы органдарынын планы көбөйтүлгөнүн кошумчалады.

Нурлан Ражабалиев коюлган планды аткара албагандан кийин, өткөндү сынга алуунун зарылчылыгы жок экенин белгиледи.

"Өткөнгө таш ыргытсаң, келечек замбирек менен атат дейт. Планды аткара албасак, өткөндү сындаган туура болобу? Мисал катары айта кетейин, Бажы кызматы 2015-жылы 20 миллиард сом, 2016-жылы 29 миллиард сом, 2017-жылы 34 миллиард сом, 2018-жылы 37 миллиард сом, 2019-жылы 43,5 миллиард сом берген. 2020-жылы пандемиядан улам киреше 29 миллиард сомго кыскарса, 2021-жылга карата 48 миллиард сомго чейин өстү”,- деди депутат.

Ражабалиев 2022-жылдын башына карата бажы кызматынын кирешесинин өсүшүнүн 4 себеби бар экенин айтып, анын ичинен негизгиси катары Казакстандагы баш аламандыктарды атады, ошондуктан жүктөр Кыргызстан аркылуу өтө баштаган. Экинчи себеп, эки жыл мурун доллардын курсу 69-70 сом болсо, азыр 84-85 сомго чейин өскөнүн белгиледи. Кирешенин көбөйүшүн депутат 10 долларлык товардын мисалы менен түшүндүрдү.

"Эгерде товардын баасы ошондо 700 сомду түзсө, андан 12 пайыз кошумча нарк салыгы жана башка төлөмдөр төлөнүп, 20 пайызга же 140 сомго жеткен. Азыр 10 доллардан 850 сомдон салык алып жатабыз. Кайра эле 850 сомдон 20% алсак, 21% кымбаттоо абадан чыгат. Бул кирешенин көбөйүшүнүн экинчи себеби" - деди ал.

Кирешенин көбөйүшүнүн үчүнчү себеби катары Ражабалиев пандемиядан кийин автоунаа менен жүк ташуу көлөмүнүн калыбына келтирилишин атады.

"Төртүнчү себеп - доллардын инфляциясы орточо эсеп менен 9,1 пайыз. Маселен бир буюмдун баасы мурда 100 доллар болсо, азыр 110 доллар турат жана мындан кошумча салык түшөт. Мына ушул жагдайларды эсептеп, терең талдоо жүргүзсөк, 70 миллиард сомдук планды аткармакпыз, өткөндү каралоонун кажети жок",- деди ал.

Ошондой эле депутат Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчиси 98 миллиард сом планын аткара албай турганын айтып, мындай кирешеге резерв жок экенин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан