Акылбек Жапаров Климаттык каржылоо борборунун ишин сынга алды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Климаттын өзгөрүшү, экология жана туруктуу өнүгүү маселелери боюнча Координациялык кеңештин кезектеги жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, жыйында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Климаттык каржылоо борборунун ишинин жыйынтыктары жана иш пландары тууралуу маалымат угулду, ошондой эле Кыргыз Республикасынын уюмдарын Жашыл климаттык фонддо аккредитациялоо маселеси боюнча учурдагы абалы каралды.

"Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, Координациялык кеңештин иши климаттык чараларды пландаштырууга, каржылоого жана ишке ашыруу маселесине комплекстүү мамилени камсыздоо болуп саналат, мында негизгиси – пландаштырылган иш-чараларды практикалык түрдө ишке ашыруу", - деп айтылат маалыматта.

Маалымдалгандай, Акылбек Жапаров Климаттык каржылоо борборунун директору Дастан Абдылдаев сунуштаган маалыматты сынга алды.

"Борбор өзүнүн 4 жыл ичиндеги ишмердүүлүгүндө начар жыйынтыктарды көрсөттү, сөздөн ишке өтүү керек. Сиздерде эки гана долбоор бар, бул өтө аз. Түтүн, бөлүнүп чыккан газдар, бак-дарактарды отургузуу, энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү боюнча көптөгөн идеяларды ишке ашырууга болот. Болгону жалпылаштырып, Жашыл климаттык фонддун кароосуна жөнөтүш керек. Мен аткарылган иштерге абдан нааразымын", - деди Акылбек Жапаров.

Ошондой эле ал жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрине Климаттык каржылоо борборунун кызматкерлеринин ээлеген кызмат ордуна ылайык келүү маселесин карап чыгууну тапшырды. Мындан сырткары мамлекеттик органдардын жетекчилерине бир катар тапшырмаларды бергендиги айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан