Аида Исатбек кызы менен Жылдыз Таалайбек кызы парламенттер аралык ассамблеянын отурумуна катышты

Бүгүн, 27-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары Аида Исатбек кызы менен Жылдыз Таалайбек кызы Өзбекстандын Самарканд шаарында өтүп жаткан Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Жаштар парламенттер аралык ассамблеясынын отурумуна катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, иш-чарада депутат Аида Исатбек кызы баяндама жасап, өтүп жаткан талкуунун маанилүүлүгүнө токтолуу менен Кыргызстандагы жаштар саясаты боюнча сөз кылды.

Эл өкүлү жаштар саясатын өнүктүрүү жаатында Шериктештик өлкөлөрүнүн өз ара тажрыйба алмашуусу боюнча Жаштар парламенттер аралык ассамблеясынын сунуштарын иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан