Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаев менен жолугушту

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 27-октябрда Астана шаарында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, эки өлкөнүн лидерлери өз ара кызыгуу жараткан бардык багыттар боюнча эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле кыргыз-казак мамилелерин өнүктүрүү келечегин талкуулашты.

Касым-Жомарт Токаев эки тараптуу мамилелердин өнүгүүсүндөгү оң динамиканы белгилеп, Садыр Жапаровдун Казакстанга болгон иш сапарынын, ошондой эле анын "Борбор Азия - Европа Биримдиги" лидерлеринин биринчи жолугушуусуна катышуусунун маанилүүлүгүн белгиледи. Ал эки тараптуу жолугушуу эки өлкөнүн алака-катышын мындан ары да өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн кошумчалады.

Өз кезегинде Садыр Жапаров бүгүнкү күндө эки өлкө ортосунда жогорку деңгээлдеги стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык түзүлүп, конструктивдүү жана ишенимдүү диалог жолго коюлганын белгиледи. Ошондой эле дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилөөнүн алкагында өтө турган Кыргызстандын Казакстандагы Маданият күндөрүнүн ачылышы жана башка иш-чаралар эки өлкөнүн, эки элдин боордоштук мамилелеринин чыңдалышына, өнүгүшүнө өбөлгө боло тургандыгына токтолду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан