Бүгүн, 27-октябрда Астана шаарында "Борбор Азия - Европа Биримдиги" лидерлеринин биринчи жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чара өлкө лидерлери менен Борбор Азиянын делегация башчыларын жана Европа Кеңешинин президентин тосуп алуу аземи жана эстеликке сүрөткө түшүү менен башталды.
"Өлкө башчы Садыр Жапаров өз сөзүндө Кыргызстан алты тараптуу жаңы форматтагы жогорку деңгээлдеги жолугушууну кубаттаарын айтып, аймактар аралык кызматташтыктын кыйла потенциалы бар экенин көрүп турганын белгиледи",- деп айтылат маалыматта.
Жолугушууга Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев, Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Ходжамурад Гельдимурадов, Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель катышты.
Жолугушуунун жыйынтыгында Борбор Азия мамлекет башчылары менен Европа Кеңешинин президенти жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн биргелешкен билдирүүгө кол коюшту.