Нурланбек Шакиев Казакстандын Парламент Сенатынын төрагасы менен жолугушту

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Өзбекстандын Самарканд шаарында өтүп жаткан Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) жыйындарынын алкагында Казакстандын Парламент Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда боордош эки элдин кызматташтыгын арттыруу, анын ичинен парламенттер аралык байланышты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Нурланбек Шакиев соода-экономикалык мамилелерге токтолуп, Кыргызстан ишкерлер менен айыл чарба өндүрүүчүлөрү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана соода тармагындагы тоскоолдуктарды жоюуга гана эмес, товарлардын эркин кыймылын камсыз кылууга багытталган бардык демилгелерди колдой турганын белгиледи. Айрыкча, ЕАЭБ алкагындагы келишимдерди сактоо менен үзгүлтүксүз транзиттик каттамды калыптандыруунун маанилүүлүгүнө токтолду.

Өз кезегинде Маулен Ашимбаев Нурланбек Шакиевди Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланышы менен куттуктап, ийгиликтерди каалады. Ошондой эле мамилелерди бекемдөөдө парламенттердин да үлүшү маанилүү экенин белгилеп, Нурланбек Шакиевди Түркстан шаарында өтөрү мерчемделген Орто Азия мамлекеттеринин парламенттер аралык форумуна катышып кетүүгө чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан