Акылбек Жапаров КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын жамааттык жолугушуусуна катышты

Бүгүн, 28-октябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Астана шаарына иш сапарынын алкагында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын жамааттык жолугушуусуна катышты.

Маалыматка ылайык, жолугушууда биримдик алкагындагы ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.

"Акылбек Жапаров Касым-Жомарт Токаевди Казакстандын 2022-жылы КМШга төрагалык кылуусун ийгиликтүү жыйынтыкташы менен куттуктап, Кыргызстан уюмга төрагалык кылууну кабыл алууга даяр экендигин белгиледи", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан