Министрлер кабинетинин төрагасы азык-түлүктү экспорттоо боюнча чектөө чараларын кайрадан карап чыгуу, чек аралардагы ар кандай тоскоолдуктарды жана текшерүүлөрдү азайтуу, иштеп жаткан транспорттук коридорлорду өнүктүрүү жана жаңысын түзүү зарыл экендигин белгилеген.
"Биз тараптарды эмгек миграциясы жаатында кызматташууну активдештирүүгө чакырабыз. Шериктештиктин алкагында тышкы эмгек миграциясы жана анын масштабы биздин өлкөлөрдүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу таасирин тийгизип, коомдун дээрлик бардык тармактарына таасирин тийгизээри талашсыз. Биримдик өлкөлөрүнүн алдында КМШда жалпы эмгек рыногунун орун алуусунун зарыл шарты катары ички чек аралардан эркин өтүүнү камсыз кылуу боюнча маанилүү милдет турат деп эсептейбиз",- деди ал.
Жапаров сөзүнүн соңунда 2023-жылы белгилүү кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган иш-чараларды өткөрүү пландалып жаткандыгын билдирди.
"Жазуучунун 157 тилге которулган чыгармалары менен тааныш болгон дүйнөлүк коомчулук бул иш-чарага кошулат деп ишенем", -деп сөзүн жыйынтыктады министрлер кабинетинин башчысы.