Бүгүн, 31-октябрда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусуна болгон сапарынын алкагында жергиликтүү бийлик органдарынын жана жергиликтүү коомчулук өкүлдөрү менен жолугушууга катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.
Анда өкмөт башчы өлкөдө 453 айыл өкмөттүн 377си же 84 пайызы дотацияда турарын белгиледи.
"Өткөн жылы биз сиздер менен Бишкек шаарында жолугушуу өткөрүп, анда тапшырмалар берилген. Иш талаптагыдай жүргүзүлбөй жатат. Кадрларды аттестациялоо жана ротациялоо иштери жүргүзүлдү. Бирок эки жылдан бери ишиңиздерде жылыш байкалбай жатат, мурдагыдай эле эски ыкма менен иштеп жатасыздар, жогорку органдардан буйрук күтүп, объекттер мамлекеттин каражатысыз курулбайт, элдин кайрылуусу уланууда. Бир жыл өттү, жыйынтык чыгарууга убакыт келди. Сыйлыкка татыктууларга сыйлык беребиз, эски ыкма менен иштеп, натыйжа көрсөтө албагандар менен коштошобуз. Элге эң жакын бийлик - бул жергиликтүү бийлик. Жергиликтүү калктын, аймактын социалдык-экономикалык маселелерин чечүү милдети сиздерге жүктөлгөн", - деди ал.
Жапаров жергиликтүү бийлик органдарын 4200 гектар жерди сугат суу менен камсыздай турган Кадамжай районундагы Алгакадам массивине канал куруу сыяктуу инфраструктуралык долбоорлорду иштеп чыгууга чакырды.
"Тоо аркылуу узундугу 25 чакырым болгон канал курулган. Долбоордун жалпы наркы 2,9 миллиард сомду түзөт. Долбоордун 50 пайызы мамлекет аркылуу, калган жарымы ишкерлер тарабынан каржыланат. Биз аймактардагы келечектүү демилгелерге жана долбоорлорго мамлекеттик колдоо көрсөтүүгө даярбыз", - деди ал.
Ошондой эле иш сапардын жүрүшүндө Кадамжай районунун Марказ айылындагы орто мектептин абалы менен таанышып, айылда келерки жылы дагы бир мектеп курула тургандыгын билдиргендиги айтылат.