Кыргызстандын Индиядагы элчиси Асеин Исаев кызматынан бошотулду

Кыргызстандын Индиядагы элчиси кызматын аркалап келген Асеин Исаев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон. Ал ошондой эле эки ишти айкалыштыруу боюнча Кыргызстандын Бангладештеги атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан дагы бошотулду.

Асеин Исаев Кыргызстандын Индиядагы элчиси болуп 2019-жылы дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан