Бүгүн, 2-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Дастан Бекешев Азаттык медиасынын банктык эсептери бөгөттөлгөндүгү инвесторлордун кооптонуусун жаратарын билдирди.
"Кечээ Азаттык үналгысынын банктык эсептери бөгөттөлдү деген маалымат чыкты. Бөгөттөө үчүн үч эле учурда негиз бар. Салыктарды төлөбөй карыз болсо, экинчиси кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу же терроризмди каржылоо фактылары болгондо, ал эми үчүнчү учур болсо соттун чечими менен. Мыйзамды бузбашыбыз керек. Бул өтө жаман көрүнүш. Себеби чет өлкөлүк инвесторлор жана жергиликтүү бизнесмендерде Азаттыктын банктык эсебин бөгөттөсө, демек, каалаган башка эсептерди да бөгөттөсө боло береби деген суроо пайда болду. Бул банктык сектор үчүн терс көрүнүш", - деди Бекешев.
Ошондой эле ал президенттин парламенттеги өкүлүнөн бул маселе боюнча так маалымат берүүсүн суранды.
Белгилей кетсек, "Азаттык медиа" мекемесинин "Демирбанктагы" эсебине бөгөт коюлганы маалым болгон.
26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Азаттык медиасынын сайтын эки айга жабуу чечимин чыгарган. Министрликтин билдирүүсүндө "Маалымат айдыңында Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгына каршы келген анык эмес материалдарга байланыштуу" ушундай чара көрүлгөнү айтылат.