Бүгүн, 2-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Шайлообек Атазов Спорт министрлигин түзүү демилгесин көтөрдү.
Анын айтымында, өлкөнүн беделин эл аралык аренада бекемдөөдө спорттун мааниси чоң экенин коом баалабай жатат.
"Спорт - аренадагы эле беттеш деп көбү жаңылыш ойлошот. Бирок спорт бул биринчи кезекте сергек жашоо. Спорт - бул бизнес. Өнүккөн өлкөлөрдө менмин деген миллионерлер спорт жылдыздары болушат", - деди Атазов.
Ал жылдан-жылга эл аралык беделдүү мелдештерде көптөгөн кыргыз спортчулары байгелүү орундарды ээлеп жатканын баса белгиледи. Бул менен катар спорттун күрөштөн башка түрлөрүнө жакшы көңүл бөлүнбөй жаткандыгын кошумчалады. Анын айтымында, буга чейин бир топ депутаттар спорт тармагын Маданият министрлигинен бөлүү керектигин белгилешкен. Ошондой эле тиешелүү токтом да даярдалган.
"Ал токтом президентте. Буюрса, өлкө башчы кол коёт, анткени ал спортту жакшы көрөт. Бирок ошол эле учурда министрлер кабинети тарабынан каршылыктар болуп жатат. Спорт жаатында аз маяна, күчтүү машыктыруучулардын жетишсиздиги, шарттардын жоктугу өңдүү көйгөйлөр көп. Мунун баарын министрлер кабинети чечиши керек", - деди депутат.
Ошондой эле ал бир нече жылдан бери спорт тармагына жардам көрсөтүп, миллиондогон акчаларды бөлүп жаткан парламенттеги кесиптештерине ыраазычылыгын билдирди.