Бүгүн, 3-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Марлен Маматалиев борбордо мектеп окуучуларын ташыган автобустарды уюштурууну сунуштады.
"100 миллион насыя алып жаткандан кийин балдарга да шарт түзүп бергиле да. Мектеп окуучулары үчүн автобустарды пилоттук вариантта жүргүзүп көрөлү. Бул сөзсүз түрдө шаардагы жол тыгынын азайтканга өбөлгө түзөт. Эгер мектеп автобусу кылып уюштуруп койсо, балдар ага кадимкидей жол кире төлөйт", - деди ал.
Маматалиев болгону ага окуучулар гана түшөрүн жана жүрүү графигин аныктап коюу керектигин белгиледи.