Маалыматка ылайык, тараптар эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүнүн жогорку динамикасын канааттануу менен белгилешип, саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташууну мындан ары бекемдөө боюнча кадамдарды талкуулашты.
"ТИМ башчыларынын быйылкы жылдагы өз ара расмий сапарларын эске алуу менен тараптар жакын арада Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Сауд Арабияга расмий сапарын уюштурууга бардык күч-аракетти жумшоону макулдашты", - деп жазылат маалыматта.
Тараптар ошондой эле Сауд өнүктүрүү фонду аркылуу Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан инфраструктуралык жана социалдык-экономикалык долбоорлордун маанилүүлүгүн белгилеп, жаңы долбоорлорду алдыга жылдырууну талкуулагандыгы айтылат.
Жолугушуунун соңунда Мадмаров Аль-Хурейжини Кыргызстанга ыңгайлуу убакта келип кетүүгө чакыргандыгы кошумчаланды.