Камчыбек Ташиев 24 жылдан бери документтери жок жүргөн жаранга паспорт тапшырды

Бүгүн, 10-ноябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 24 жылдан бери Казакстанда иштөөгө мажбур болгон жана өздүгүн тастыктоочу документтери жок жүргөн Санжарбек Кадыровду кабыл алды. Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-октябрда Инстаграм социалдык түйүнү аркылуу өлкө башчы Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоп, ага Кыргыз Республикасынын улуттук паспортун алууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылган.

"Санжарбек Кадыров Ош облусунун Ноокат районунда 1995-жылы туулган. 1998-жылы анын ата-энеси ажырашып, атасы 3 баласын Казакстанга айыл чарба жумуштарына алып кеткен. Ал Казакстанда документинин жоктугунан мектепке барбай, талаада айыл чарба иштери менен алектенип жүргөн. 2010-жылы үй-бүлөлүк келишпестиктерден улам Кадыров үй-бүлөсүн таштап, Алматы шаарында металл буюмдарын чыгаруучу цехтердин биринде иштеп жүргөн. 2021-жылы анын атасы коронавирустан каза болуп, сөөгү Алматы облусунун Кайнар айылында коюлган. Санжарбек Кадыровдун айтымында, 2015-жылдан бери ал Кыргызстандын Алматы шаарындагы башкы консулдугуна бир нече жолу барган, бирок Кыргыз Республикасынын улуттук паспортун документтештирүү аракеттеринен паспорт берүү үчүн негиз болуп саналган ата-энесинин жана баштапкы документтеринин жоктугунан майнап чыккан эмес", - деп айтылат маалыматта.

Көрүлгөн чаралардын негизинде, Санжарбек Кадыровго Кыргыз Республикасынын улуттук паспортторун (ID-карта жана эл аралык паспорт) тариздөө жана берүү үчүн негиз болгон баштапкы документтер калыбына келтирилген. Ага паспорт алып берүү маселеси президент Садыр Жапаровдун көзөмөлүндө болгондугу кошумчаланды.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан