Биз социалдык тармакта

Жаза аткаруу кызматы футбол боюнча мелдеш өткөрдү

Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын Кайтаруу жана күзөтүү департаментинде футбол боюнча беттеш болуп өттү. Бул тууралуу Юстиция министрлигинен кабарлашты.

Маалымдалгандай, турнир подполковник Абжалбек Жанаевдин элесине арналып өткөрүлдү.

"Турнирге күч түзүмдөрүнөн 6 команда катышты. Жыйынтыгында 1-орунду департаменттин командасы, 2-орунду ЖАКтын ардагерлери, 3-орунду А.Жанаевдин жакын санаалаштарынан түзүлгөн "Достор" командасы ээлешти.

Мындай эскерүү мелдештери, жолугушуулар үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат. Бул жамааттын биримдигин чыңдоо, кесиптештердин бири-бирине колдоо көрсөтүү максатын көздөйт", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан