Түрк мамлекеттер уюмунун саммитинде бир катар документтерге кол коюлду (тизме)

Самарканд шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) катышуучу өлкөлөрдүн башчыларынын саммитинин тогузунчу жыйынынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, уюмга мүчө мамлекеттер - Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Түркия, Өзбекстандын өлкө башчылары төмөнкү документтерге кол коюшту:

— Түрк мамлекеттер уюмунун 9-Саммитинин Самарканд декларациясы;

— "Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгынын Кеңешин түзүү боюнча Нахичевань макулдашуусуна" өзгөртүү киргизүү жөнүндө протокол;

— "Түрк мамлекеттер уюмунун процедуралар эрежеси" жөнүндө чечим;

— "Түрк мамлекеттер уюмунун соодага көмөктөшүү стратегиясы" жөнүндө чечим;

— "Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысын дайындоо" жөнүндө чечим;

Ошондой эле төмөнкүдөй чечимдер кабыл алынды:

Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө-мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы эл аралык бириктирилген ташуулар жөнүндө макулдашуу жөнүндө;

— Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө-мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы бажы коридорун жөнөкөйлөтүү боюнча макулдашуу жөнүндө;

— Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө-мамлекеттердин тиешелүү мекемелеринин ортосундагы персоналды башкаруунун санариптик системалары боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму жөнүндө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан