Бишкектеги Чоң Чүй каналынын боюна "Тазалык" муниципалдык ишканасы тарабынан темир тосмолор орнотулду. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда калаа мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Чоң Чүй каналынын түштүк тарабында Курманжан Датка көчөсүнөн Төрөкул Айтматов көчөсүнө чейин узундугу 180 погон метрди түзгөн жаңы тосмолор орнотулду", - деп айтылат маалыматта.
Темир тосмолор Свердлов районунун акимчилигинин демилгеси менен ишкананын базасында тазалыктын жумушчулары тарабынан жасалгандыгы кошумчаланды.