Токтобүбү Ашимбаева билим берүү министринин орун басары болуп дайындалды

Бүгүн, 11-ноябрда Токтобүбү Ашимбаева билим берүү жана илим министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов кол койду.

"Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Токтобүбү Ашимбаеваны министрликтин эмгек жамаатына тааныштырды", - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Токтобүбү Ашимбаева Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти болуп иштеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан