Руслан Казакбаев Кыргызстандын Түркиядагы элчиси болуп дайындалды

Руслан Казакбаев Кыргызстандын Түркиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

"Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Руслан Казакбаев Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды", - деп айтылат маалыматта.

Руслан Казакбаев 1967-жылы 18-майда Талас облусунун Бейшеке айылында туулган. Жогорку билимдүү. Ал эки жолу Кыргызстандын тышкы иштер министрлигин жетектеген, Жогорку Кеңештин депутаты болгон.

Казакбаев 2020-жылдын 14-октябрында тышкы иштер министри болуп дайындалып, ушул жылдын 22-апрелинде кызматын тапшырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан