Чыңгыз Макешов экономика жана коммерция министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Ошондой эле министр Данияр Амангелдиев жаңы орун басары Чыңгыз Макешовду эмгек жамаатына тааныштырганы айтылат.