Аскер бөлүктөрүнүн бириндеги курулушта мамлекетке 1 миллион сомдон ашуун зыян келтирилген. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, Аскер прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Коргоо министрлигинин жана “Аскер курулуш” мамлекеттик ишканасынын кызмат адамдары аскер бөлүктөрүнүн биринин тосмосунун курулушунда мыйзам бузуу болгону аныкталган. Анда аткарылган иштердин актыларына жасалган жумуштардын көлөмүн жана колдонулган материалдардын түрлөрүн атайылап көбөйтүү жана бурмалоо жолу менен каражат кымырылып алынганы такталган.
Натыйжада мамлекетке 1 миллион сомдон ашуун өлчөмдө материалдык зыян келтирилген.
Бул факты боюнча Аскер прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) жана 346-беренеси (кызматтык жасалмачылык) менен кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө амалдары башталды.