Тажикстанда Ташиев менен Ятимовдун төрагалыгы астында чек ара боюнча кеңешме өттү

Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын кезектеги кеңешмеси болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлады.

Анда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жана коңшү өлкөнүн УКМК төрагасы Саймумин Ятимов кеңешменини жыйынтыгы боюнча тийиштүү протоколго кол койгону айтылат.

Тараптар кийинки кеңешмени Кыргызстанда өткөрүүнү макулдашканы белгиленди.

Ошондой эле жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү манаайында өткөнү кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан