"Тойлордо эле тост сүйлөп жүрөт". Атазов Байсаловдун Баткенге барып жашоосун талап кылды

Баткен облусундагы Тажикстандын кол салуусунда талкаланган 420 үйдүн ичинен бүгүнкү күндө 2 үйдүн чатыры жабылды. Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда Жогорку Кеңеште Архитектура, курулуш жана турак жай мамлекеттик агенттигинин жетекчисинин орун басары билдирди.

Анын айтымында, жалпы 409 үйдө курулуш жүрүүдө. Анын ичинен 170 үйдүн пайдубалы курулса, 161 үйдүн дубалы тургузулууда жана 21 үйдүн дубалы бүткөрүлдү.

Ошондой эле Баткенди калыбына келтирүүгө 3 миллиард сом каралган болсо, анын 1 миллиард сому бөлүнүп берилген. Ал эми курулуш компанияга бүгүнкү күнгө карата 500 миллион берилгени айтылат.

Эл өкүлү Шайлообек Атазов өкмөттүн жасаган иштерине нааразы болуп, президентке өкмөт мүчөлөрүн толугу менен алмаштырсын деген сунуш берүү керектигин билдирди.

"Баткендеги социалдык-экономикалык өнүгүүгө түз жооп берген министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Баткенге барып бир ай жашасын. Менимче ал тойлордо эле тост сүйлөп жүрөт, тайраңдап. "Кылым кыйшайбайт" деп. Бул уят. Элдин убалын ойлош керек. Болбосо, президентке өкмөт башчысын баш кылып, бардыгын алмаштырсын деп сунуш берели", - деди ал.

Жогорку Кеңеш 15.11.22
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан