Бүгүн, 15-ноябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбоору да каралууда. Анда эл өкүлү Чолпон Султанбекова 140 гектар жердин эсеби чыкпай жатканына токтолду.
Анын билдиришинче, өзбек тараптын официалдуу билдирүүсү менен салыштырганда 140 гектар жер айырма болуп жатат.
"Кечээ Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов 12 709 гектар берилерин айтты. Силер алып келген документте 12 849 гектар деп айтып жатасыздар. Ортодо 140 гектар айырма болууда. Бул кандай?", - деди Султанбекова.
Жер ресурстары кызматынын башчысы Абдулат Мырзаев мурун бөлүнгөн жерлер кайталанып жазылып калгандыгы менен түшүндүрдү.
"Ал 140 гектар жер аянты мурда чек араны тактоодо кыргыз тарапка жазылып калган тилке болгондуктан алар кошуп эсептебей жатат. Биз жалпы аянтты кошуп жатабыз. Ал жер эч жакка жоголуп кеткен жок. Мурда жазылып калган чекти артка жылдырып, кайра башынан эсептегенде ошол айырма чыгып жатат. Эч кандай маселе жаралбайт. Чолпон Алыевна, сиз Ариповго караганда бизге ишенсеңиз, мен жаныңызда отурам го", - деди Мырзаев.