Бүгүн, 15-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Сауд Араб Падышалыгынын Кыргызстандагы элчиси Ибрахим Аль-Радини кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык кызматташтыктын учурдагы абалы талкууланып, парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүү тууралуу сөз болду.
Түз аба каттамдарын ачуу зарылчылыгын кошумчалаган төрага электрондук туристтик виза алуу шарттарын жеңилдетүүнүн да маанилүүлүгүнө токтолду.
Ибрахим Аль-Ради соода жүгүртүүнүн көлөмүн арттыруу, инвестиция тартуу жаатындагы пикирлери менен бөлүшүп, Нурланбек Шакиевди Сауд Араб Падышалыгына расмий иш сапар менен барууга чакырганы айтылат.