Ырысбек Атажанов Өзбекстан менен чек араны делимитациялоону эмне үчүн колдогонун айтты (видео)

Жогорку Кеңештин депутаты Ырысбек Атажанов коңшу Өзбекстан менен болгон чек араны делимитациялоону ратификациялоону эмне үчүн колдогонун айтты.

Депутаттын айтымында, адамдын өмүрү баарынан биринчи болушу керек.

"Бизде чек ара маселеси көйгөйлүү. Мына Казакстан менен чек ара чечилген, учурда эч кандай жаңжал жок. Кытай менен чечилген, эч кандай ок атуу жок. Мына Тажикстан менен кандуу окуя болуп кетти. Бул чек ара маселесинин чечилбегендигинин кесепетинен. Ошол эле учурда 30 жылдык тарыхыбызда Өзбекстан менен чечилбеген жерлерде биздин жарандарыбыз каза болгон күндөр болгон. Бул ошол талаш-тартыш жерлер чечилбегендигинин кесепетинен. Эң негизгиси биз адамдын өмүрүн биринчи орунга коюшубуз керек", - деди ал.

Ошондой эле ал ратификациялоодо кворум болгонун белгиледи.

"Кворум башында болгон. 11 депутат катышкан. Анын төртөө чыгып кетти. Негизи башында кворум болгон да. Мамлекетке, элге күйгөн депутат жыйындын акырына чейин отурушу керек. Башында кирип, ар нерсени сүйлөп анан кетип калган бул туура эмес", - деп кошумчалады ал.

Кечээ, 15-ноябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Өзбекстан менен мамлекеттик чек араларды делимитациялоону ратификациялоону колдогон.

Жыйындан нааразычылыгын билдирип беш депутат чыгып кетишкен. Алар: Адахан Мадумаров, Чыңгыз Айдарбеков, Нуржигит Кадырбеков, Эрулан Кокулов жана Нилуфар Алимжанова.

Ырысбек Атажанов Өзбекстан менен чек араны делимитациялоону эмне үчүн колдогонун айтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан