Кадырбеков: "Эч убакта ушундай кылам деп ойлогон эмесмин, бирок башка айла жок"

Бүгүн, 16-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков SUPER.KG порталына кечээ тармактык комитетте каралган кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбоору боюнча пикирин билдирди.

"Мен мораторий киргизүүнү сунуштагам. Чек ара маселеси шашылыш чечилчү маселе эмес. 11 участокту бир карап жатабыз. Ар бир участок өзүнчө каралышы керек эле. Анткени чек ара маселеси абдан татаал. Бир чечилгенден кийин аркага жол жок. Адашууга акыбыз жок. Башка учурларда адашсак деле оңдоп кетсек болот. Бирок бул эл аралык маселе, ошон үчүн абдан дыкат караш керек болчу. Анан бизге берилген материалдар, чындыгында маселени толук түшүнгөнгө жетиштүү эмес экен. Депутаттык комиссия түзүп, атайын адистер менен бирге жерине барып иликтегенге бизге убакыт керек болчу, жок дегенде 2 жыл керек эле. Мараторий киргизели деп суранганым да ошондон улам болчу. Билбей туруп добуш берсең же жаңыласың, же кошомат кылган болосуң", - деди ал.

Ошондой эле Кадырбеков айрым кесиптештеринин жыйында добуш берүүгө катышпай чыгып кеткенин сынга алып жатканына жооп берди.

"Бир чети алардыкы деле туура. Мен эч убакта ушундай кылам деп ойлогон эмесмин. Бирок эмне кылабыз, башка айла жок да. Эгер катыша турган болсоң, анда кворум болуп калат. Кворум болгондон кийин буга деле салым кошкон болуп каласың. Анан башка рычагды пайдаланууга туура келди", - деди эл өкүлү.

Ал эми бүгүн айрым депутаттар тарабынан айтылып жаткан Эл аралык иштер комитетинин чечими легитимсиз деген кептерге эл өзү тыянак чыгарарын кошумчалады.
"Комитеттин 14 мүчөсү бар. 7+1 принциби менен 8 депутат болгондо кворум түзүлөт деп жүрчүбүз. Кечээ жетөө добуш бериптир. Эми ал жагын өзүңүздөр тыянак чыгарып аласыздар да", - деди Кадырбеков.
Белгилей кетсек, кечээ, 15-ноябрда Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдерди ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорлорун дароо үч окууда жактырды.
Добуш берердин алдында төрт депутат каршылыгын билдирип залдан чыгып кеткен, ал эми калган жети депутаттын баары колдоду.



Жогорку Кеңеш 16.11.22
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан