Президент “Жогорку Кеңештин Регламенти жөнүндө” мыйзамдын макулдашылган редакциясына кол койду

Өлкө башчы Садыр Жапаров “Жогорку Кеңештин Регламенти жөнүндө” мыйзамдын макулдашылган редакциясына кол койду. Бул тууралуу бүгун, 16-ноябрда президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Жогорку Кеңештин Регламенти парламент тарабынан Конституцияда жана өлкөнүн мыйзамдарында каралган ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруунун тартибин жана процедурасын аныктайт.

Буга чейин “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” мыйзамы президенттин каршы пикири менен кайтарылган.

"Жогорку Кеңештин 2022-жылдын 8-сентябрындагы №463 VII токтому менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2022-жылдын 30-июнунда кабыл алынып жана 2022-жылдын 19-августунда Кыргыз Республикасынын президентинин каршы пикири менен артка кайтарылган “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу боюнча курамында 9 мүчөсү менен макулдашуу тобу түзүлгөн (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, Кыргыз Республикасынын юстиция министри, Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун өкүлдөрү).

2022-жылдын 20-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” КР мыйзамынын макулдашылган варианты кабыл алынды", - деп жазылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан