Эрулан Кокулов Өзбекстан менен чек ара келишимине эмнеге каршы добуш бергенин ачыктады

SUPER.KG порталынын Галстуктар долбоорунун кезектеги коногу Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Кокулов болду. Эл өкүлү менен кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбоору тууралуу маектештик.

Депутат келишим боюнча мыйзам долбооруна эмне себептен "каршы" добуш бергенин ачыктады.

"Бул чечимди кабыл алууда элдин пикирин эске алдым. Кемпир-Абад боюнча колума тийген бүт документтерди окуп, карап чыктым. Бийликтин да, оппозициянын да оюн угуп көрдүм. Баарын талдап көрүп ушундай чечимге келдим. Мен ар дайым элдин камын ойлогонго аракет кылам. Чечимди кабыл алууда эч кандай кысым, коркутуулар болгон жок", - деди ал.

Маекти толугу менен SUPER.KG порталынын Ютуб каналынан көрө аласыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан