Садыр Жапаров Токаевди президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

Бүгүн, 21-ноябрда президент Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Ага ылайык, сүйлөшүү учурунда Жапаров Касым-Жомарт Токаевди болуп өткөн президенттик шайлоодогу ишенимдүү жеңиши менен куттуктап, анын жеңиши казак элинин колдоосу менен ишениминин маанилүү көрсөткүчү экенин белгиледи.

Шайлоонун жыйынтыгы Касым-Жомарт Токаевдин жаңы мамлекетти курууга, экономикалык өсүштү камсыз кылууга жана казак элинин бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган саясий багытын колдоорун тастыктады.

Садыр Жапаров Казакстандын президентине чың ден соолук, жооптуу мамлекеттик ишмердигинде мындан аркы ийгиликтерди, ал эми боордош казак элине тынчтык, бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүү каалады.

Мындан тышкары өлкө лидерлери эки тараптуу кызматташтыктын мындан аркы келечегин, аймактык кызматташтык маселелерин, ошондой эле ушул жылдын 9-декабрында Бишкекте өткөрүү белгиленген Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин алдыдагы жыйынына даярдыктарды талкуулашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан