Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация кечээ, 22-ноябрда Мустафа Шентоптун коштоосунда Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан маалымдашты.
"Анда 2016-жылдын 15-июлундагы мамлекеттик тѳңкѳрүш аракети боюнча маалымат алышты. Муну менен катар Нурланбек Шакиев Мустафа Шентоп менен бирге ошол окуяга арналып тургузулган эстеликке гүл коюп, курмандыктарды эскеришти", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, төрага Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоптун чакыруусу менен Анкара шаарына расмий иш сапары менен барган.
Делегациянын курамында Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев, депутаттар Алишер Козуев, Акылбек Түмөнбаев, Улан Примов, Мурадил Сыдыков, Русланбек Жакышов, Айбек Маткеримов, Гүлкан Молдобекова, Ырысбек Атажанов, Динара Ашимова, Улан Бакасов, Эльдар Сулайманов бар.