Садыр Жапаров Арменияга учуп кетти. Аны кимдер коштоп жүрөт? (Тизме)

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 23-ноябрда ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына катышуу үчүн Армениянын Ереван шаарына иш сапары менен учуп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, уюмга мүчө-мамлекеттердин башчылары ЖККУнун жоопкерчилик чөйрөсүндөгү учурдагы кырдаалды жана эл аралык коопсуздуктун актуалдуу маселелерин талкуулашат.

Мындан тышкары ЖККУга мүчө-мамлекеттердин ортосундагы шериктештикти бекемдөөгө, ошондой эле Уюмдун ишмердүүлүгүн жөнгө салууга багытталган бир катар документтерге кол коюу пландалууда.

Кыргызстандын расмий делегациясынын курамы:

- Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

- Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов;

- Коргоо министри Бактыбек Бекболотов;

- Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев.

Белгилей кетсек, Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясынын алкагында ЖККУ өлкөлөрүнүн лидерлери Армениянын уюмга төрагалыгынын жыйынтыгын чыгарып, Беларусь Республикасынын төрагалык мезгилинде ишмердүүлүктүн артыкчылыктуу багыттары боюнча маалыматтарды угат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан