"Азырынча көчөдө жүрөм". Бакиров кабинетинен чыгарылышы боюнча үн катты

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров кабинети жок калганын айтты. Бул тууралуу эл өкүлү бүгүн, 23-ноябрда журналисттерге билдирди.
Буга чейин президенттин иш башкармалыгы депутатка 7-кабаттагы кабинетти 18-ноябрь саат 13:00гө чейин бошотуп коюу талабы менен кат жөнөткөнү жана ыңгайлуу шарттагы башка иш бөлмө бөлүнүп берилерин кошумчалаганы маалым болгон.
Бакировдун айтымында аны 18-ноябрда иш бөлмөсүнөн чыгарып салып, ошол бойдон башка кабинет берген эмес.
"Жардамчыларым түшкү тамактануу үчүн ашканага түшүп кетсе кабинетке кирип, ичиндеги буюмдарды, документтердин баарын сыртка алып чыгып коюшуптур. Эч кандай жаңы кабинет берилген жок. Эски иш бөлмөмдүн эшигине мөөр басып кетишиптир. Азырынча көчөдө жүрөм. Президенттин иш башкармалыгынын жетекчисин чакырышты го бүгүн, сурайбыз келгенде. Мага кабинет маанилүү деле эмес, аны өтө чоң трагедия кылгым келбейт", - деди Бакиров.
Эске салсак, 17-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Өмүрбек Бакиров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кайым айтыша кеткен. Андан кийин парламенттин чарбалык иштерин караган президенттин иш башкармалыгы Бакировго ал отурган 7-кабаттагы кабинетти бошотуп коюу талабы менен кат жөнөткөн. Эртеси эле депутаттын буюм-тайымдарын коридорго чыгарып салышкан.
Видео интернеттен алынды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан