Депутат өзү менен кошо Ташиевдин жана жакындарынын мүлкүн текшерүүнү сунуштады

Бүгүн, 24-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Эльвира Сурабалдиева УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсүнө таандык бизнести дагы текшерүүнү сунуштады.

Эл өкүлү министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго кайрылып, атайын кызматтын башчысы жалган сүйлөп, ага жалаа жаап жатат деген пикирин айтты.
"Акылбек Үсөнбекович, УКМК төрагасы сиздин орун басарыңыз да, ушундай сөздөр айтылгандан кийин Сурабалдиевалар менен Ташиевдердин үй-бүлөсү байлыгын каяктан чогултканын текшерткенге даярсызбы? Комиссияга депутаттарды жана өкмөт мүчөлөрүн киргизели. Келгиле көрөлү, ким канча салык төлөйт, ким кантип байыган, кааласаңыз сизди дагы, орун басарларыңызды, министрлерди текшерели.
Кызматына таянып элдин баарын коркутуп жүрөт. Экинчиден "Кудайберген" боюнча трибунада жалаа жаап жатканы Кудайга да жакпайт. УКМК жетекчиси трибунадан минтип алдап жатса, демек, Кумтөр жана Кемпир-Абад боюнча дагы алдап жатасыңар", - деди Сурабалдиева.
Ал эми Акылбек Жапаров Конституция боюнча депутат шайлоочуларынын жана өз абийиринин астында гана жооп берерин айтып, бул маселени саясатка айландырбоого чакырды.
Эльвира Сурабалдиева
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан