Тажикстан менен чек ара маселесине жакын арада чекит коюлат. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда Элдик курултайда өлкө башчы Садыр Жапаров билдирди.
"Өзбекстан менен чек араны чечип алдык. Ал эми Тажикстан менен алдын ала сүйлөшүүлөргө жетиштик. Камчыбек Ташиев барып алдын ала макулдашып келди. Бирок кол коё элекпиз. Эми жакында Бишкекке келип кол коюшат. Андан кийин парламентке алып барып өткөрүп, чекит коёбуз", - деди мамлекет башчысы.
Ошондой эле азыркы тапта "ок атышпайлы, чек арада жаңжал чыгарбайлы" деген макулдашуу болгонун кошумчалады.