Президент кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койду

Өлкө башчы Садыр Жапаров Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы боюнча келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 29-ноябрда президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

3-ноябрда Бишкек шаарында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө келишимге кол коюлган. Мыйзам аталган келишимдерди ратификациялоону сунуштайт.

Эске салсак, 17-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы боюнча келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору үч окууда кабыл алынган.

Анда 2 документ каралган:

1. Кыргыз-өзбек чек арасындагы айрым тилкелерди чечүү боюнча мыйзам долбоору 64 "макул", 19 "каршы" добуш менен колдоо тапкан.

2. Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу тууралуу келишим долбоору 65 "макул", 18 "каршы" добуш менен жактырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан