"Чоңдор менен куда-сөөк болсо эле унутулуп калабы?". Депутат Жээнбеков жана Зулпукаров боюнча маселени көтөрдү

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 30-ноябрдагы жыйынында эл өкүлү Жеңишбек Токторбаев экс-президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууган иниси Асылбек Жээнбеков жана мурдагы депутат Төрөбай Зулпукаров боюнча меселени көтөрдү.

"Мурдагы президенттин иниси Асылбек Жээнбеков деген болгон. Анын чөнтөктөш, табакташ досу Төрөбай Зулпукаров. Бул экөөнө иш козголуп, 2 ай түрмөдө отуруп чыгышты. Ушул убакытка чейин бир жыйынтык жок. Булар камалабы же жеген акчасын өкмөткө төлөйбү? Ушул маселелер боюнча элге айтып койбойбузбу? Же "кар жаады, из басылды" болуп, биздин чоңдор менен куда-сөөк болгондон кийин унутулуп калабы?", - деди депутат.

Мындан сырткары Токторбаев президенттин өкүлү Алмасбек Абытовду сынга алып, протоколдук тапшырмалар берилгени менен бирине да жооп болбой жатканын айтты. Депутат берилген тапшырмалар боюнча жок дегенде кат түрүндө жооп берүүнү талап кылды.

Эскерте кетсек, былтыркы жылдын 9-декабрында Биринчи май райондук соту депутаттар Асылбек Жээнбеков жана Төрөбай Зулпукаровдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, камактан бошоткон.

УКМК тарабынан Асылбек Жээнбеков "Кумтөр" иши боюнча, ал эми Төрөбай Зулпукаров "Мыйзамсыз баюу" беренеси боюнча кармалган болчу.

Депутат Жээнбеков жана Зулпукаров боюнча маселени көтөрдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан