Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакировдун 7-кабаттагы кабинети мындан ары да өзүнө таандык бойдон кала турган болду. Бул тууралуу бүгүн, 1-декабрда SUPER.KG порталына эл өкүлү өзү билдирди.Андан кийин парламенттин чарбалык иштерин караган президенттин иш башкармалыгы Бакировго ал отурган 7-кабаттагы кабинетти бошотуп коюу талабы менен кат жөнөткөн. Эртеси эле депутаттын буюм-тайымдарын коридорго чыгарып салышкан. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште талкуу болуп, депутаттар аталган маселе боюнча тийиштүү кызмат адамдары келип жооп берүүсүн талап кылган.
Андан соң 24-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Өмүрбек Бакировдун иш бөлмөсүнөн чыгаруу маселесин иликтей турган депутаттык топ түзүлгөн. Анын курамына Чынгыз Ажыбаев, Алишер Козуев, Талант Мамытов, Эмил Жамгырчиев, Айсара Абдибаева, Динара Ашимова, Гуля Кожокулова, Ырысбек Атажанов кирген эле.