Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев 9-декабрда Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет. Бул тууралуу ТИМ башчысынын орун басары Айбек Артыкбаев Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Анын айтуусуна караганда, сапардын алкагында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалууда.
"Ошондой эле кыргыз-өзбек чек арасы боюнча ратификациялык грамоталарды алмашуусу күтүлүүдө", - деди ал.
Белгилей кетсек, бул күнү борбор калаада ЕАЭБдин мамлекет башчыларынын саммити да өтөт.