Жогорку Кеңештин тармактык комитети 12 жылдык окутуу системасынын долбоорун артка кайтарды

Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети 12 жылдык окууга өтүү долбоорун артка кайтарды. Комитеттин көпчүлүк депутаттары долбоордогу мектептерди 12 жылдык окутуу системасына каршы болушту.

Депутат Айбек Осмонов убагында 10 жылдык система менен деле окушканын, Европанын университеттерине өтүүнү жүйө келтирүү туура эмес экендигин билдирди. Жылдыз Таалайбек кызы мектептердин шарттары буга даяр эместигин белгиледи. Ал эми Улан Бакасов коомчулук каршы болуп жатканын айтып, долбоорду артка кайтарууну сунуштады.

Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов 12 жылдык окутуу системасы замандын талабы экенин, чет өлкөдө окуйм деген жарандардан министрликке көптөгөн каттар келип жаткандыгын айтып, бул долбоордо өлкөдөгү мектепке чейинки даярдык болгон нөлүнчү классты гана мыйзамдаштыруу деп түшүндүрүүгө аракет кылды.

"Азыр деле нөлүнчү класста окушат, бирок окууну аяктаганда ал аттестатына жазылбайт. Биз ошону эле мыйзамдаштырып коёлу деп жатабыз. Азыркы 11 жылга нөлүнчү классты кошкондо деле 12 жыл болуп жатпайбы. Болгону бала бакчадан даярдык тайпасына баруунун ордуна 1-класска алынат. Азыр 17 жашында 11-классты бүтүп жатса, мында деле ошондой болот. Бир жыл кошулуп же кемибейт", - деди Мамбетакунов.
Добуш берүүнүн жыйынтыгында Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы макулдашуу долбоору четке кагылды.

Белгилей кетсек, 12 жылдык окуу программасын киргизүү Билим берүү жана илим министрлигин Алмазбек Бейшеналиев жетектеп турганда көтөрүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан