Баткенде кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо боюнча кезектеги жыйын өттү

Тажикстан менен 17,66 чакырым узундуктагы чек ара сызыгынын долбоордук сыпаттамасы аяктады. Бул тууралуу бүгүн, 7-декабрда Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы маалымдады.

Андагы маалыматка караганда, Баткен шаарында 1-декабрдан 6-декабрга чейин Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын эки республиканын чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жыйыны өттү.

"Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жалпы узундугу 17,66 чакырым болгон кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгынын өтүү долбоорунун сыпаттамасын аяктап, ишти улантуу максатында 2023-жылга карата жолугушуулардын графигин макулдашышты. Жолугушуу достук маанайда жана өз ара түшүнүшүү таризинде өттү", - деп айтылат маалыматта.

Тараптардын кийинки жолугушуусу Тажикстандын аймагында өтөрү кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан