Садыр Жапаров ЖЕЭКтин кеңейтилген курамдагы жыйынында эмнелерге токтолду?

ЕАЭБ дүйнөлүк экономикалык түзүмдө динамикалуу өнүгүп жатат, уюмдун ишмердүүлүгүнө кызыгуунун географиясы кеңейүүдө. Бул тууралуу өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 9-декабрда Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) кеңейтилген курамдагы жыйынында билдирди.

Мамлекет башчысынын айтымында, Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердеги кырдаал макроэкономикалык жактан салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлөт.

"Иран менен эркин соода аймагын түзүүгө алып бара турган протокол күчүнө кирди. Индонезия менен эркин соода аймагы тууралуу макулдашуу түзүү жөнүндө сүйлөшүүлөр башталды. Ал эми Бириккен Араб Эмираттары менен эркин соода аймагын түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо демилгеси колдоого алынды.

Биздин биримдиктин ишмердүүлүгүнө кызыгуунун географиясы кеңейип жатканы мени абдан кубандырат. Мен муну ЕАЭБди дүйнөлүк экономикалык түзүмдө динамикалуу өнүгүп жаткан уюм катары таануунун айкын көрсөткүчү катары баалайм. Каржы-экономикалык концентрациянын глобалдык уюлунун Азияга өтүү шартында биз дал ушул аймакка артыкчылыктуу көңүл бурууну улантышыбыз керек.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, боордош Орусия тарапка келерки жылы биримдикке төрагалык кылуу ишмердигинин ийгиликтүү болушун каалайм, мындай жооптуу ишмердик үчүн кыргыз тараптын ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирем", - деди Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан