Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров иш сапары менен Абу-Даби шаарына (Бириккен Араб Эмираттары) барды. Бул тууралуу бүгүн, 12-декабрда өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин башчысы иш сапарынын алкагында Экономикалык кызматташуу боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык кыргыз-эмират комиссиясынын 2-пленардык жыйынына теңтөрага катары катышат.
"Андан соң Акылбек Жапаров бир катар эки тараптуу жана көп тараптуу жолугушууларды өткөрүп, өнөр жай объектилерин кыдырат, ошондой эле эки тараптуу документтерге кол коюу аземине катышат", - деп айтылат маалыматта.